Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги

Коронавирустун алоосунда калган калк, чагылгандай тез тараган инфекция, кыйылган өмүрлөр, бейтаптар толгон оорукана, далбастаган медиктер. Кеп Италия туурасында жүрүп жаткандыгын баамдаган чыгарсыз.
Sputnik

Бүгүн биз дал ушул мамлекетте жашап жаткан мекендешибизди кепке тарттык. Кыйын күндөрдү башынан кантип кечиргени туурасында собол узатып, COVID-19 аларга эрте келип абалды билип калгандыктан,  кеңештерин да сурадык.

Каарманыбыз — Италиянын Сардиния автономдуу облусунда жашаган Миргүл Өмүралиева.

Айтмакчы, биздин маектеш социалдык тармактын активдүү колдонуучусу, блогер катары да Кыргызстандагы интернет колдонуучуларына белгилүү. Кесиби педагог.

— Италияга барганыңызга көп жыл болсо керек?

— Учурда Италиянын түштүгүндөгү Сардиния автоном аймагында турам. Бул жакты арал десе да болот. Бул жерге келгениме июлда төрт жыл болот. 12 жылдан ашык Римде жашап, иштедим. Ошондо 16 жылдан бери Италияда жашайм.

— Тилди канча убакытта үйрөндүңүз?

Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги
— Келгенде кичинекей 2-3 сөздүгүм бар эле. Бирөөнү жаткан жериме, бирөөнү ашканага, бирөөнү баккан адамдын жанына коюп койчумун. Анткени менден ал кишинин жакындары сүйлөсө же бир нерсени сурап калса эч нерсе түшүнбөйт элем. Анан китепти ачып алып, өздөрү бул сөздү айтып жатам деп көрсөтүп берчү. Тилди үйрөнүүгө телеканалдар чоң жардам берди. Алар туура жана адабий тилде сүйлөшөт. Себеби бул жерде диалектилер абдан көп.

Жарым жылдан кийин түшүнүп, пикир алышканга жарап калгам. Айта кетейинчи, күнүнө сөзсүз 30 сөз жатташ керек. Италияга 48 жашымда келдим. Негизи, баары аракетиңе байланыштуу. Көңүл коюп, далалат кылса, тил үйрөнүү кыйын деле эмес. Кайсы тил болбосун өздөштүрүп алса болот. Маселен, Европада азыр улгайган адамдардын көбү тил үйрөнөт. Муну карылыкка алдырбоо, унутчаактыкты жеңүү, эстутумду жакшыртуу үчүн жасашат. Келгениме көп жыл болгондуктан, бул өлкөнүн жарандыгын алууга мөөнөтүм да жетип калды. 

Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги

— Анан жарандыкты аласызбы?

— Ошону чече элекмин. Бул жерде бир кызым, ал эми Кыргызстанда бала-чакам, неберелерим бар. Эки өлкөнүн кайсынысын тандашты билбей эки анжы болуп жүрөм. Өзгөчө коронавирус каптагандан кийин да бир топ ойлор келе баштады. Бир чети Кыргызстандагы медицинанын абалы түшүнүктүү. Ал эми бул жерде медицина өнүккөн. Ден соолугум үчүн бул маанилүү нерсе. 

— Коронавирус демекчи, жаш курагымдан улам кооптуулук жок эмес деп жазганыңыз бар. Муну айтып калган себебим, сиздин социалдык тармактагы кээ бир постторуңуз ойго салган учурлар болгон. Кооптонуп турсаңыз да кайраттанып, ичтен санаага түшкөн менен көп билдирбегенге аракет кылганыңыз байкалат. Мындай санаа кыргызстандыктарда да бар.

Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги
— Ооба, тобокел тобуна кирем деп жазган элем. Астмам бар. Жашым келип калды деген түркүн ойлор жаралат. Италиянын түндүгүндөгү кырдаалды, каза тапкандардын санын угуп, ТВдан көрөбүз. Тири укмуш маалыматтар түшөт. Кыргызстандыктар, дегеле дүйнө бул жерде болуп жаткандардын четин эле көрүп жатат да. Ал эми бизде канча телеканал болсо, ошонун баары маалыматты күнү-түнү берет. Аны көрүп-угуп отуруп, түйшөлөсүң. Ооба, ошол күндөрү өзгөчө болду, пандемия улам күчөп, кызыктай сезимдерди жаратты. Коркуу десем туура эмес болуп калат го, башкача бир сезим. Эми кимдин башына кандай өлүм жазды ким билет. Мен бул аймакка ден соолугума климаты ыңгайлуу, медицинанын деңгээли жогору, дары-дармек жетиштүү, доктурлар текшерип турат деп шартына карап калгам.

— Мекенден алыста жүрөсүз, адам мындай учурда эмнени ойлойт экен?

— Бул оору да өтөт, бирок экономикалык, финансылык кыйынчылык келери турган иш. Ошентсе да адам өзүн кармаш керек, жашоо адамды баары бир алдыга умтултат. Башкысы — тирүүлүк. Ыйлаган учурум болду. Коллегам экөөбүз короодо отурсак, Италиянын башка шаарында жашаган кызымдын "Апа, ушул кырдаалдан чыгып кетсек, саякатка өткөндөгүдөй Парижге баргандай, Испанияга чыгып келели" деп жазганын окуп ыйлап жибердим. Кызым мени моралдык жаткан колдоп, көңүлүн көтөрөйүн деди окшойт. "Кызым жаш, организми күчтүү, ден соолугу жакшы эмеспи, кудайга шүгүр, абалдан чыгып кетет, а мен ... билбейм" деп ойлодум.

Менин курагымдагы кырсыктагандардын саны ошол мезгилде 1000ге чамалап кеткен. Аралга инфекция жайыла баштаганда тынчсыздануу, санаа курчай баштады. Коллегам мени көрүп "мен да күнүгө отуруп алып ыйлайм" дейт. Себеби анын патологиясы көп, менден улуу аял. Күлкү менен көз жаш кошо жүрөт эмеспи, анан экөөбүз отуруп алып кайра күлдүк. Ал сөз арасында өлсөк кремация кылып, көөмп коюшат дейт. Экөөбүздү бир жергеби десем, кандай айырмасы бар дейт. Сен го өзүңдүн үйүңдөсүң, мекениңдесиң. Мен Италияда андай нерсеге кабылгым келбейт, Кыргызстанда бала-чакам бар дедим. Анан кайра дагы күлдүк.

Ири айып салынат. Таиланддан келген кыргызстандык карантиндеги жашоосу тууралуу
Негизи ал учур кыйын эле болду. Маселен, менде вакуумда калгандай сезим жаралды. Же бир жакка басып кетип кала албайсың, же үйдө отура албайсың. Алды-кийин клаустрофобия деген нерсени ойлочу да эмес экенмин. Короо жай,  там кенен болсо деле, ачылбаган нерсенин ичинде калгандай түшүнүксүз сезим... Аргасыздык абалга түшүп калгансыдым. Улгайгандарга же патологиясы барларга көңүл бурбай, жашыраактарын сактап калганга аракет кылып жатышат деген маалымат да бир топ таасирин тийгизди.

Кечээ кечинде бир башкача окуя болду. Мен багып жаткан карыянын маңдайлаш үйдө турган эжеси бизге келди. Ал адам карантин башталгандан бери кире элек болчу. Демек, аймакка жеңилдик берилди.

Пиктен өткөндөн кийин жүрөк да, жаман статистика да ылдыйлады, мурдагы күнү 423 киши көз жумуптур. Бизде учурда инфекция жугузгандар көп табыла баштады, себеби күнүнө 50-100 миңге чейин тест жасалып жатат. Ооруп калгандардын саны арбын аныкталып жатканы жакшы. Аларды эрте дарылап салса болот. Муну адистер да айтып жатышат. 

Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги

— Эми бир аз көңүл тынч болуп калды да?

— Ал сезим бүгүн деле жүрөктүн түпкүрүндө турат. Бирок абал жакшыра баштады. Анткени азыр өзүбүздү көп нерсеге даярдап калдык. Ишим менен алекмин, Кыргызстандан чалгандар, кабарлашкандар көп.

— Италиядагы саламаттык сактоо системасы кандай? Дарыгерлер менен байланышуу кыйын эмеспи?

— Бул жерде система башкача. Шаардык жана райондук саламаттык сактоо бөлүмдөр бар. Профилине жараша дарыгерди өзүң тандап аласың. Карантин башталганы доктурубуздун жүзүн көрө элекпиз. Мен ага дарыларым түгөндү деген СМС жиберип коем, ал мага рецепт жазып берет. Эртеси кабылдамасындагы жазып койгон рецебин алып кете беребиз. Маселен, мен барганда артымдагы киши кирбей, күтүп турат. Чыгып бара жатканда жол берет. Мен да башкаларга ошентем. Негизи эле коопсуздук катуу сакталууда. Аптекаларда, дүкөндөрдө бир топ аралыкта алыста турабыз. Ал эми көчөдө келе жатканда тротуардын тиги башынан келе жаткан кишини көрсөм, мен бир нече метр качам, же ал менден качат. Ушинтип көндүк. Өткөндө кесиптешиме эми оору кеткенден кийин деле ушинтип, бири-бирибизден 2,5 метр үркүп калат окшойбуз деп тамашаладым. Азыр бизде абал ушундай.

Мындай тартип жердин баарына орногон. Дарыканага бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгасың. Экиден эшик кылышкан. Дүкөндөрдө деле ошондой.

Бул жерде кудайдын куттуу күнү жыйналыш болот. Журналисттер күнүгө кечинде Ак үйдүн астында маалымат күтүп турушат.

Италияда жашаган Сарногоева: карантинге каршы чыгып жатып, вирус жайылып кетти
Баса, абал жеңилдеп, азык-түлүктөн башка товарларды саткан жайлар ачылууда. Карантин очогу алыс аймактан, Ломбардиядан (CODID-19 катуу жайылган аймак) башка жерлерде балдар кийимин жана китеп саткан дүкөндөрдү ачууга уруксат берди. Бул өкмөттүн чечими. Бирок аймактын губернатору өзү карап, кырдаал кыйын болсо, ачтырбайт. Жергиликтүү бийлик өкмөттүн чечиминен тышкары күчөткөнгө укугу бар, бирок аны жеңилдеткенге акысы жок. Себеби декрет баарына бирдей.

— Коронавирустун салган түйшүгүн, эл дүрбөлөңгө түшкөнүн көрдүңүз, вирустун кесепетинен өлүп жатканын байма-бай угуп турдуңуздар. Италиядагы жашагандар менен бирге кыйын кезеңди баштан кечирдиңиздер да. Биз эмне сабак алышыбыз керек?

— Кырдаал кыйын болгон учурларда бир кыз Ломбардиянын бир шаарынан чыгып, премьер-министрге суроо берди. Көбүбүз жакындарыбыздан ажырадык. Силер жаппай койдуңар, жоопкерчилик болгон жок деди. Өкмөт башчы "ким күнөөлүү дегенди кийинкиге жылдыра туруп, учурда коронавирус менен күрөшүп, жеңип алалы, бул абалдан чыгып алсак, эгерде менин күнөөм болсо керт башым менен жооп берем" деген жооп узатты.

Айтайын дегеним, азыр күнөөлүүнү издебей, Кыргызстан да коронавирустун жайылып кетишин, оорулууларды тез арада дарылоого болгон күчтү жумшоосу зарыл. Ал эми вирус чыккан аймакты обочолонтуу иштерин колго алган маанилүү. Эл да бийлик койгон эрежени сактап, үйдө отурушу туура кадам. Бизде элге түшүндүрүү иштерин эрте башташы керек эле. Социалдык тармактарга алдын алыш керек деп какшап жазып жатканым ошондон болчу. Кыргызстанда бала-чакам, неберелерим, тууган-туушкандарым бар. Аларды ойлойсуң. Себеби бул апаатты биз башыбыздан алда канча эртерээк кечирдик да.

Коомчулук да олуттуу карабай, ал тургай шылдыңга алып, "бул оору кыргызга жукпайт" дегендер чыкты. Италияда да дал ушундай реакция болуп, фейк-жаңылыктар, "тиги ойлоп чыкты, бул ойлоп чыкты" дешкен. Кандай болгон күндө эл ооруп, бир катарлары андан өлдү. Бул факт.

— Кыргызстандагы мекендештериңизге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Биз көргөндү укпай деле, көрбөй деле койгула. Кыргызстанга мындай кырдаал жетпесин. Чоочун адам болсо деле ооруга кабылгандардын тагдырын угуп, көздөн жаш агат. Эмне үчүн мен социалдык тармакка жазып жатам. Кичине болсо да кеңеш болуп калсын дейм.

Коронавируска каршы вакцина алган дүйнөдөгү биринчи адам маек курду
Жогоруда ар кыл ойлор келе баштарын айтып өтпөдүмбү. Мындай учурда сабырдуулук абдан маанилүү. Азыр окуучулар дистанттык түрдө окуп жатпайбы. Ата-энелер кагып-силкпей, эркелетип, алдап-соолап окутуш керек. Алар деле биз, чоңдор сыяктуу, мындай нерсени башынан биринчи жолу өткөрүп жатпайбы. Же эшикке чыга албаса, же ээн-эркин ойной албаса. Абдан эле катуу тийип жатат. Бул жерде деле башталгыч класста окуган балдардын “маэстромо барам, эмнеге үйдө окушум керек” деп ыйлаган учурларын көрсөтүп жатат. Андыктан ата-энелерди да чыдамкай болууга чакырам.

Эмкиде барганда менин күнөстүү Кыргызстаным боору бүтүн, башы эсен тосуп алышын каалайм. Буюрса, бул күндөр да өтөт, бул абал да аягына чыгат. Аман-эсен элибизди көрөбүз. Бул жөн эле пафостуу кеп эмес, чын дилден, жүрөктөн чыккан сөз.

Бири-бирине нааразы болуп, чукулаша бергенде, маанай, андан  кийин атмосфера бузулат. Негативди чукуй бергенде жашоо оңолуп кетпейт. Андан көрө ар бир киши өзүнө бул абалды кантип оңдой алат болдум экен деп суроо берсе. Акчасы жок болсо, жардам бере албаса, жок дегенде үйдө отурса, пайдасы ошол. Италияда "менин жардамым— эч жакка чыкпаганым, үйдө отурганым" дейт. Бул дагы катуу сыноо, мындан өтүшүбүз керек.

— Ушундан кийин Кыргызстан жана кыргызстандыктар кандай жакка өзгөрөт деген ой жаралат. Бир топ жыл жашап жакшы эле өздөштүрүп калдыңыз да, чоң сыноого кабылган Италия, адамдар кандай болуп өзгөрдү?

— Булар башынан эмоционалдуу, шайыр, шатыра-шатман жүргөн эл. Сылык, маданияттуу. Кайрылсаң, жылмайып жооп узатат. Өзгөргөнү, мисалы, алар үчүн эң маанилүү болгон Пасханы алайын. Күнүмдүк жашоодо деле жакындары жаткан мүрзөгө көп барып турушчу. Бирок коронавирус бул ирет буларды да өзгөрттү. Үйдө отуруп эле каза болгон жакындарын эскеришти.

Өкмөт чет өлкөдөн 4300 кыргызстандыкты алып келүүнү пландоодо
Андан сырткары гумандуулук жана туугандык байланыштардын, маселен, небере менен чоң ата, чоң эне, таята, таенелердин байланышы кадимкидей жандана түшкөнүн байкадым. Видео менен байланышып, сүрөттөрүн жарыялашууда. "Мен сени жакшы көрөм, сагынып жатам" деген сөздөр көп угула баштады. Камкордук арткандыгы билинип жатат. Анан албетте, ооруга кабылгандарга, тамак-ашсыз калгандарга ашыкча оокаттуу болбосо да жөнөкөй адамдардын кол сунуп, жардамын жибергендерин көрүп жатам.

Бул эл "Биз деген италиялыктарбыз, баарына чыдайбыз, ооруну жеңебиз" деген дух менен бара жатышат.