COVID-19: вирусту бир суткада жети киши жеңип, үйүнө жиберилди

Ушуну менен жалпысынан коронавирустан 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Акыркы ирет жасалган анализдери аларда вирустун жок экенин көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан бир суткада жети бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Анын айтымында, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан эки бейтап, Бишкек шаарынан беш бейтап стационардан чыкты. Алар ооруканадан чыгарылып жатканда кайрадан жасалган анализдери вирус жок экенин көрсөткөн.

Ушуну менен жалпысынан коронавирустан 78 бейтап айыгып, үйүнө жиберилди.

Ал эми сутка ичинде Кыргызстанда дагы 19 адамдан COVID-19 аныкталды.