БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартууну сунуштады. Бул туурасында ал биргелешкен комитеттердин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, экс-министрдин шалаакылыгынын кесепетинен улуттук коопсуздукка катуу сокку урулду.
"Азыр биз өзгөчө кырдаалда жашап жатабыз, бул согуштук тил менен айтканда аскердик режим. Мында шалаакылык кылуу кылмыштуулук менен барабар. Демек экс-министр Космосбек Чолпонбаевди Аскер прокуратурасына өткөрүп бериш керек. Ошонун айынан бизде коронавирус жуктурган ар бир бешинчи адам дарыгер болууда. Биринчиден өзү ооруса, экинчиден ал бейтаптарды карай албай мамлекетке зыян келтирүүдө. Ошондуктан Чолпонбаевдин ишмердигин мамлекетке каршы чыккынчылык катары баалоо зарыл", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал учурда Кыргызстанга коронавирустан да шалаакылык менен кайдыгерлик коркунучтуу экенин айтып, экс-министрге чара көрүлсө, жаңы келген министр менен замдары чуркап иштей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус менен күрөшүү чараларын чабал жүргүзүп, өз убагында тиешелүү чечимдерди кабыл албай койгондуктан иштен алынган. Ошондой эле коопсуздук кеңешинин жыйынында президентке чындыкка коошпогон отчетторду берген деген кине коюлган.
Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 1-апрель күнү кызматтан алынган.
Азыр Кыргызстанда коронавирус аныкталган 430 учур катталды.