Үй карантининде отурган адамдар эми онлайн көзөмөлдөнөт. Жол-жобосу

Жаңыдан иштелип чыккан мобилдик тиркеменин жардамы менен дарыгерлер бейтаптын абалын аралыктан туруп эле текшере алат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Үй карантининде отурууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирди. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган адамдарга колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулмакчы.

Анын жол-жобосу төмөндөгүдөй:

Бишкектеги обсервация жайларынын жайгашкан жери айтылды
Мобилдик тиркеме аркылуу адамдар өзүнүн абалы тууралуу медициналык кызматкерлерге аралыктан маалымат бере алат. Ошондой эле бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүгө шарт түзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет;

Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде SOS белгидеги баскычын колдонуп медиктерди чакыра алат;

Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана берилет. Мониторинг системасына мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат.

Мониторинг жүргүзүү системасы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен IT-штаб тарабынан иштелип чыкты.

Коронавирустун кесепети

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын арасынан 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Коронавируска кабылган медиктер 79га жетти. Алар кантип жуктуруп алууда
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген. 

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.