ӨА режимин узартуу сунушталды. Депутаттар жыйынга чогулат

Шаршемби күнү Жогорку Кеңеш кайсы маселелерди талкуулай турганы белгисиз. Күн тартиби азырынча жарыялана элек.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрель күнү жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, жыйын саат 10:00дө башталып, ЖК сайты менен бир катар телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Анда кандай маселелер каралары айтылган жок. Парламенттин сайтына дагы күн тартиби жарыялана элек.

Эскерте кетсек, бүгүн Республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн узартууну сунуштаган.

Коронавирус жана Кыргызстандагы өзгөчө абал режими

Штаб президентке өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сунуштады
Кыргызстанда коронавируска кабылган 419 учур катталды. Илдетке кабылгандардын 69у сакайып кетсе, бешөө көз жумду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.