Түштүктөгү дарыгерлерге жардам берүү үчүн дагы бир бригада жөнөп кетти

Ушуну менен борбор калаадан региондорго эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу максатында алтынчы бригада кетип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Баткен жана Ош облустарындагы дарыгерлерге жардам берүү үчүн Бишкектен  медиктердин дагы бир бригадасы жөнөп кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрелде, өлкөдөгү коронавирустун очогу болгон аймакка өз ыктыяры менен баруу ниетин билдирген медицина кызматкерлеринен турган топ жолго чыкты. Курамында эпидемиолог, анестезиолог-реаниматологдор жана жугуштуу оорулар менен күрөшкөн адистер бар. Алар аймактарда бир ай бою кызмат кылышары айтылат. Ушуну менен борбор калаадан региондорго алтынчы бригада кетип жатат.

Белгилей кетсек, учурда Ош облусунда жана шаарында 187, Баткен облусунда беш адам коронавирус жуктурганы аныкталды.

Коронавирустун кесепети

Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38,8 млн. сому дарыгерлерге берилет
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.  

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.