Абылгазиев: коронавирус менен күрөшүүдө ушул жана кийинки жума эң маанилүү

Учурда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын экинчи пакети иштелип жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүдө ушул жана кийинки жума эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешмеде айтты.

Анда бүгүнкү күндө экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын экинчи пакети иштелип жатканы айтылды.

Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү, мэриялар кандай тартипте иштеп жатат. Байланыш жолдору
"Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык милдеттемелери, отчет берүү жана насыяларды төлөө боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок биз болгон күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө ушул жана кийинки жума эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өкмөт чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатат. Каралып жаткан бардык демилгелер бизнес чөйрөсүнүн сунуштарына негизделген. Учурда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын экинчи пакети иштелүүдө.