ИИМ: Бишкекте коменданттык саат учурунда 4 мас милиционер кармалды

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кандайча колго түшкөнү такталган жок. Эреже бузгандарды ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жума ичинде коменданттык саат учурунда төрт милиционер кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМден билдиришти.

Казакстанда өзгөчө абал режими узартылды
Маалыматка караганда, колго түшкөн укук коргоочулар мас абалында болушкан. Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат.

ИИМден окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин убадалашты. Алдын ала айтылган боюнча сөз эки бөлөк факты боюнча болуп жатат.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.