Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр! Министр коронавирус жуктурган медиктерге кайрылды

Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов
Өлкөдө 34 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус жуктуруп алган медиктерге кайрылуу жасады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоо тармагынын 34 кызматкери коронавируска чалдыккан. Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

"Коронавирус медицина кызматкерлерине жукканы өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деди министр.

Эске салсак, коронавирус аныкталган медиктердин көбү Ош облусунда. Буга чейин вице-премьер Кубатбек Боронов "медиктер вирусту бейтаптар менен байланышта болгондуктан эмес, умрага барып келген кошунасынын чайын ичкен кесиптешинен жугузган" деп айткан. Бирок бул маалыматты Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери төгүндөп жатат.

Замминистра здравоохранения КР Толо Исаков
Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кызматынан кетти
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы бул окуяны териштирип, иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кеткенин айтты.

Министрлик ар бир медкызматкердин вирусту кантип жуктуруп алган учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилерин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын саны ушу тапта 280ди түзөт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.