Жалал-Абад шаардык жугуштуу илдеттер ооруканасы жабылды

Саламаттык сактоо министрине учурда канча медицина кызматкери обсервацияда жатканы туурасында суроо узатылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын бардык кызматкерлерине коронавирус жугуп калуу коркунчу бар. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Министрге учурда канча медик обсервацияда жатканы боюнча суроо узатылган.

Ал жооп берип жатып дезинфекция жүргүзүү үчүн аталган оорукана убактылуу жабыла турганын билдирди. Мындан башка маалымат берген жок.

Коронавирустун кесепети

Коронавирус: өлкөдө 1097 киши обсервацияда жатат
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы белгилүү болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.