COVID-19 жуктурган 12 кишинин жетөө дарыгер болуп чыкты

Жалпы бейтаптардын саны Кыргызстан боюнча 228 болду. Акыркы учурлар обсервацияда жаткандардан чыгууда.
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Акыркы ирет коронавирус аныкталган 12 кишинин жетөө — дарыгер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, КРде бир сутканын ичинде коронавирус жуктуруп алган 12 жаңы учур катталды. Анын жетөө медицина кызматкерлери.

"Коронавирус жуктуруп алган жетөөнүн ичинен бирөө дарыгер, үчөө медайым. Булар Ноокат районундагы обсервацияда жаткандарды медициналык жактан тейлеген кызматкерлер. Андан башка Ош шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасында иштеген бир дарыгер, эки медайым да коронавирус жуктуруп алган", — деди министр.

Буга чейин Кыргызстанда 9 медицина кызматкерден коронавирус чыкканы айтылган. Ошол эле учурда 15 медик COVID-19 жуктуруп алышы мүмкүн деп обсервацияда жатат

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын саны 228ге жетти.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.