Россия, ОПЕК жана АКШ тартипти жаңылоого камынуудабы?

Өткөн аптанын аягында Дональд Трамп дүйнөлүк мунай рыногун тескөөгө тырышты. Адилеттүүлүк үчүн бул жолу АКШ президенти мурдагыларга караганда алда канча жакшыраак аракет кылганын белгилей кетүү зарыл дейт россиялык серепчи Иван Данилов.
Sputnik

Баса, бул Ак үйдүн буйругунда камтылган "реалдуулукту башкаруу пультунун" кыйла кызык өзгөчөлүгүн ачып берет. Макаланы РИА Новости агенттиги чыгарды.

"Твиттердеги" жеке баракчасы, санкция, билдирүү жана буйруктары аркылуу Трамп мунай баасын түшүрө алган эмес (канча аракет кылса да), ал эми баасын кескин көбөйтүүнү уюштуруу далалаты өсүштүн тез өтмөлүү болушу мүмкүн экенине карабастан, абдан майнаптуу чыкты.

Ошентсе да АКШ президенти бир нече күн оболу шаан-шөкөт менен жар салган "мунай келишиминин" мөөнөтү салыштырмалуу кыска болуп калды.

Эки билдирүүнү салыштырып көрөлү: "Азыр эле досум – Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы менен баарлаштым. Ал Россиянын президенти Путин менен сүйлөшкөн. Алар болжол менен он миллион баррелге, балким андан кыйла көбүрөөк кыскартууга макулдашарын күтүп жана ага үмүт артып турам. Бул ишке ашып калса, мунай-газ тармагы үчүн абдан МЫКТЫ болмок!" — деп Трамп "Твиттердеги" баракчасына 2-апрелде өзү жазган.

Ишембинин кечинде куру чечендиги бир аз өзгөрдү. Журналисттердин алдына чыкканда Трамп ОПЕКке (башкача айтканда, иш жүзүндө Сауд Аравиясы жетектеген жана мунай казуунун кыскартылышын күтүп жаткан уюмга) сын такты: "Өмүр бою ОПЕКке каршы болуп келгем, эмне бул өзү? Кааласаңар картель деп атагыла же монополия дегиле, бул мыйзамсыз (структура. — ред. тактоосу)" (РБК келтирген сөзү).

Бутуна тура баштаган Кытай Россияга мунай согушун жеңүүгө жардам берет
Бул эле эмес, ал АКШда жумуш орундарын сактап калуу аракетинде мунай импорттоого каршы (кыязы, саудиялык жана россиялык мунайга) каршы төлөм киргизүүгө даяр экенин дагы бир ирет баса белгилеген, бирок ошону менен бирге эле баары бир күнүнө он миллион баррелден кыскартуу боюнча "кылым келишимин" түзүү мүмкүндүгүн ачык калтырган.

Америкалык лидердин анык бир кыжырдануусун эки факторго сыйдырууга толук мүмкүн. Биринчиден, мунай рыногунун катышуучуларын азырынча ыкчам чогулта алышпады. Экинчиден, мунай кенин казууну болуп көрбөгөндөй көлөмдө кыскартуу боюнча олуттуу келишим ага америкалык тараптын катышуусу менен гана түзүлөрүн дээрлик бардык негизги мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү Вашингтонго эскертүүдө. Ал эми бул – Ак үйгө принципиалдуу түрдө жакпай турган маселе.

Акыры америкалык тышкы саясатты түптөгөн негиздүү демилгелердин бири – аныктамасы боюнча баары Америкага карыз жана эч качан кутула да алышпастыгында эмеспи. Ал эми АКШдан бир нерсени талап кылууга көптөн бери бомбалана элек, куугунтукка алынган өлкөлөр гана даай алат.

Албетте, рефлексия маселеси Демократиялык же Республикалык партиялардагы "геосаясий ковбойлорду" эч качан түйшөлткөн эмес. Америкалык белдүү маалымат каражаттары баарына Путинди айыптай турган болсо, көйгөйдү өзүнөн издөөнүн зарылдыгы канча? Ал түгүл Дональд Трампты эмне болбосун зекип калууга даяр The New York Times басылмасы да мунай рыногундагы бүт көйгөйлөргө кимдин күнөөлүү экенин баары бир так билет: "ОПЕКтин эки делегатынын айтымында, катарына Россия, мунай экспорттоочу жана башка мунай казуучу өлкөлөр кирген уюмдун кызматтык өкүлдөрүнүн дүйшөмбүгө коюлган жолугушуусу жылдырылган. Кантсе да уюм энергетикалык рыноктордогу башаламандыкты азайтуу боюнча келишимдин түзүлүшүнө үмүт жандырган эле.

Мунайдын баасынын төмөндөшүнө ким күнөөлүү дегенге (талашка – ред.) байланыштуу иш жүзүндөгү ОПЕКтин лидери болгон Сауд Аравиясы жана Россиянын ортосундагы чыңалуу кайрадан жаралганда ушул кабар пайда болгон. Жума күнү Россиянын президенти Владимир Путин баанын түшкөнүнө Сауд Аравиясын да айыптай кеткен. Саудиялыктар Россияны айыптаган өздөрүнүн тышкы иштер жана энергетика министрлеринин ачуулуу билдирүүлөрү менен жооп кайтарган.

"Вашингтон мунай кенин казуудан үч же төрт миллион баррелди өзү "кесе" турганын жар салса, эч кандай талаш жаралмак эмес. Баары келишимге кол коюу жана кирешени эсептөө менен эле алектенмек деп болжоого болот.

Эки тараптуу жемелөө, айыптоо жана жемиштүү диалогду түзүүдөгү татаалдыктарга карабай, баары бир мунай казган ар бир өлкө, анын ичинде АКШ да өзүнө баанын өсүшү үчүн мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча милдеттенме ала тургандай жаңы түзүмдөгү мунай рыногун тургузууга анык бир мүмкүнчүлүктөр (тез жана сөзсүз милдеттүү болбосо да) жок эмес.

Дональд Трамп америкалык мунай ишканаларынан буйрук менен кен казууну кыскартууну талап кыла албайт, мындай милдеттенмелерди алганын да ачык моюнга алары арсар: баа согушунда утулуп бараткан Америка, президент өз электоратына убада кылгандай, "кайрадан улуу Америка" катары көрүнгөн жок.

Бирок эки маанилүү нюанс бар: Трампка мунай баасын жогорулатуу чындап эле абдан зарыл (дал жеке саясий кызыкчылыктарынан улам), мындан сырткары, анын президенттик администрация кен казуу жаатында кимгедир бир нерсени буйрук кылбастан тийиштүү натыйжага жетүү ыкмалары да бар.

Нефтинин кымбат баасы качан кайтат? Саресеп
Эгер ишти (ОПЕК+ дагы мунай өндүрүүнү кыскартарына кепил болгон президенттин ыраазычылыгы жана колдоосу менен) мунай рыногун жөнгө салуу боюнча Техас комиссиясы колго алса, анда бир катар дурус шылтоолор менен сланецтик казуунун эки-үч баррелден кыскартуу салыштырмалуу жеңил. Анан калса, ири сланецтик компаниялардын лидерлери штаттын өкмөтүнөн дал ушул өңдүү чара көрүүнү күтүүдө.

Америкалык кен казуунун басымдуу бөлүгү Мексика булуңундагы аянтчада иш алып барат, аларды (техникалык чыгымдарды тийиштүү түрдө жаап берүү менен) федералдык өкмөт мунайчылардын саламаттыгын ойлоп убактылуу жаап кое алат, алар үчүн бул платформалар коронавируска жапырт чалдыккан круиздик лагерлер сымал акма табыттарга айланышы ыктымал.

Бул сүйлөшүүлөр оңой-олтоң жүрөт, сөзсүз натыйжалуу болот, ийгиликке тез эле жетебиз дегендик эмес. Бирок Вашингтон ушул тапта экономикалык жактан абдан жабыркап турганда мунай рыногундагы жаңы картелге катышууга (формалдуу жа бейформал экени маанилүү эмес) кызыкдар экени айкын. Бул – дурус кадам жана олуттуу жыйынтык.

ОПЕК+ жакынкы жолугушууларынын жыйынтыктарына карабастан, кен казууну кыйла кыскартуу да мунайдын азайып бараткан суроо-талабын компенсациялай албайт. Коронавирус планетанын мунай жана мунай өндүрүмдөрүн керектөөсүн кескин азайтты.

Негизги бута — бул коронавирустан кийинки мунай рыногунун келечеги. Себеби эпидемия токтойт, ал эми мунайдан пайда табуу каалоосу (анын ичинде АКШда да) дале болот, ошондой эле дүйнөлүк экономикада кара алтынга болгон керектөө да сакталып калат.

Дүйнө пандемиядан мунай рыногунда бааны өндүрүшчүлөрдүн глобалдык келишимине кол койгондор көзөмөлдөй алгыдай жаңы түзүм менен чыга алса, анда бул азыркы каатчылыктын саналуу жагымдуу жыйынтыктарынын бири болуп эсептелиши мүмкүн.