Борбордогу супермаркеттер ӨА режиминде кандай тартипте иштеп жатат. Карта

Бишкекте өзгөчө абал жарыялангандыктан коменданттык саат дагы киргизилген. Анын эрежеси боюнча 20:00дөн 7:00гө чейин сыртка чыкканга болбойт. Буга байланыштуу супермаркеттер кандай иштеп жатканын редакциянын материалынан көрүңүз.
Sputnik

Борбор калаадагы супермаркеттер ӨК режимине карап иш тартибин өзгөрттү. Биз ири соода түйүндөрүнүн жумуш убактысын тизмектедик.

"Фрунзе" гипермаркети 9:00дөн 17:30га чейин иштейт. Суроолор боюнча (0312) 98-61-00, (0702) 98-61-00, (0776) 98-61-00, (0558) 98-61-00 номерлерине байланышыңыз. Гипермаркет азык-түлүктү жеткирип берүү кызматын да аркалап жатат. Анын баасы 150 сом.

"Народный" супермаркеттер түйүнүнүн иш тартиби 9:00-17:30. Байланыш номери (0312) 90-02-51.

Тамак-ашты үйгө жеткирүү: ӨА учурунда Бишкектеги кафелердин иш графиги
Globus гипермаркеттери ӨА режиминде күн сайын 9:00дөн 17:30га чейин ачык. Контактылары: (0312) 91-06-60, (0999) 77-72-22 (жеткирип берүү 9:00дөн 15:30га чейин).

"Алма" гипермаркети 9:00дөн 18:30га чейин иш алып барат. Азык-түлүк, товар боюнча (0700) 70-62-06 номерине чалыңыз.

"Яр-Марка" супермаркети кардарлар үчүн 9.00дөн 18.00гө дейре кызмат кылат. Кошумча маалыматты (0312) 49-20-57 номерлери аркылуу алыңыз.

Борбор калаадагы түрдүү уюм-ишканалар кандай тартипте иштеп жатканын Sputnik жасаган картадан көрүңүз.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.