Ысык-Көлдө 8 киши обсервацияга киргизилип, бир айыл толук изоляцияланды

Буга чейин коронавируска кабылган 107 кыргызстандыктын ичинен экөө Ысык-Көл облусунун тургундары болуп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунун айылдарынын биринде үй карантинин сактабаган сегиз киши милдеттүү түрдө обсервацияга алынып, айыл тургундары жалпы изоляцияланды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Сегиз жаран чет өлкөлөрдөн кайтып келген. Сырттан учуп келгендер милдеттүү түрдө Бишкекте үч күндүк обсервациядан өтүшөт. Тиешелүү анализдер алынган соң коронавирус табылбагандары андан ары үй карантинине кетирилет. Булар ошол үй карантинин сактабай койгондуктан, атайын обсервация жайына киргизилди", — деп айтышты Саламаттык сактоо министрлигинен.

Бирок алар кайсы айылдан экени так айтылган жок.

Коронавирус Кыргызстанда

Бишкекте түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 119 адам кармалды
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 107ге (49у эркек, 58и аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.