Министр: бет кап кийбей жүргөндөргө айып салынбайт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев борбор калаанын коменданты маска кийбегендерге айып салынат деп айтканына нааразы болду.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Көчөдө бет кап кийбей жүргөндөргө айып каралган эмес. Бул тууралуу юстиция министри Марат Жаманкулов Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда билдирди.

Депутат Дастан Бекешев Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев маска кийбегендерге айып салынат деп айтканын эскертип, буга нааразылыгын билдирди. Буга чейин өкмөттүн аппараты дагы көчөгө бет кап кийбей чыккан адамдарга 1000 сом айып салынарын кабарлаган.

Юстиция министрлигинин жетекчиси Кылмыш-жаза кодексинде (280-берене) санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу жөнүндө берене бар экенин, бирок анда бет кап кийбегендерди жоопко тартуу каралбагандыгын билдирди.

Коронавирус Кыргызстанда

Фейк жаңылыктар көбөйөт! Депутаттар журналисттердин ишин чектеген өкмөттү сындады
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот