Кыйналып жатсаңыз кайрылыңыз! Аз камсыз үй-бүлөлөргө "Жардам" штабы түзүлдү

Жардамга муктаж жарандар 1227 кыска номерине чалса болот. Мындан сырткары, "Биз барбыз" Telegram каналы, "Жардам берем" мобилдик тиркемеси жана Facebook тармагындагы "Жардам штабы" группасына билдирүү калтыра алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстанда аз камсыз болгон, тамак-ашы жок калган жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн "Жардам" штабы түзүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Штаб мамлекеттик органдар, жаштар жана кайрымдуулук уюмдар менен биргеликте түзүлгөн.

"Штаб аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана тамак-ашка каражаты жетпей кыйналып жаткандарга азык-түлүк, коргоочу каражаттар менен жардам берет. Азыркы тапта Бишкек менен Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат", — деди Жаманкулов.

Үйдө отуруп жардам бергиле! Дарыгерлер кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Жардамга муктаж жарандар 1227 кыска номерине чалса болот. Мындан сырткары, "Биз барбыз" Telegram каналы, "Жардам берем" мобилдик тиркемеси жана Facebook тармагындагы "Жардам штабы" группасына билдирүү калтыра алышат.

Жаманкуловдун айтымында, бул жардам өкмөттөн жана кайдыгер эмес активдүү жаран, ишкерлерден келип жатат.

Маданият министри учурдан пайдаланып жардам берем деген ишкерлерге кайрылып, акча котором дегендер үчүн атайын банктык эсеп ачылганын да баса белгиледи.

Банктык эсептин номери: 4402011103034541, ИНН — 01003199710041, Элсом — 0990603030.

Коронавирус Кыргызстанда

Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот