ЕАЭБ башка өлкөлөргө бир нече азыкты чыгарууга тыюу салды. Тизме

Аталган азыктарды 30-июнга чейин сыртка чыгарууга тыюу салынды. ЕЭК коллегиясынын чечими Евразия экономикалык комиссиянын сайтына жарыяланган убакыттан кийин 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Азык-түлүктүн бир нече түрүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сырткары башка өлкөлөргө чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мындай чечим 31-мартта ЕЭКтин коллегиясынын жыйынында кабыл алынган.

Сыртка алып чыгууга тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмеси:

  • Пияз;
  • Чеснок;
  • Шалгам;
  • Кара буудай;
  • Күрүч;
  • Гречка;
  • Таруу;
  • Акшак;
  • Гречкадан жасалган даяр азык-түлүктөр;
  • Майдаланган жана майдаланбаган буурчак;
  • Күн караманын данеги.

Аталган азыктарды 30-июнга чейин сыртка чыгарууга тыюу салынды. ЕЭК коллегиясынын чечими Евразия экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланган убакыттан кийин 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Коронавирустун жайылып кетүүсүнө ыкчам көңүл буруу боюнча ЕЭКте бир катар чаралар да кабыл алынды. Бул чечимдер ЕАЭБде экономикалык кырдаалды стабилдештирүүгө жардам берет.

Коронавирус Кыргызстанда

ЕАЭБге айрым товарларды бажы салыгын албай киргизүү пландалууда
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 107ге (49у эркек, 58и аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.