Телеканалдын маалыматына караганда, ооруканалардын жанында мобилдик морг катары пайдаланыла турган трейлерлер пайда болду. Алардын ар бири 44 сөөктү батыра алат.
Нью-Йорктун бийлиги акыркы ирет 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук актыдан кийин ушундай чара колдонгон.
"Импровизацияланган моргдор саламаттык сактоо тармагындагы улуттук кризистен кабар берет", — дешти телеканалдын журналисттери.
Нью-Йорк штатында бир айга жетпеген убакыт аралыгында коронавирустан 1026 адам көз жумду. Ал эми илдетке кабылгандардын саны 59 513кө жетти. Шаар ичинде вирустан 965 адам каза тапкан.
Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 142 миң киши коронавирус жуктуруп алса, 2,5 миңи көз жумду.
Буга чейин жүрөктүн үшүн алып, Италиянын сөөк өрттөгөн жайындагы толтура табыттардын видеосу да чыккан.