Блокпосттогу дарыгер, милиционер, аскерлерге кандай тамак берилүүдө. Сүрөт

Ар бир блокпостко атайын транспорт менен тамак жеткирилүүдө. Бул учурда бардык санитардык нормалар жана эрежелер кылдат сакталат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Блокпосттордо турган аскерлерге жана ИИМдин кызматкерлерине күнүнө үч жолу ысык тамак берүү уюштурулган. Бул туурасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Тамактар республиканын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндөгү стационардык ашканаларда жасалат. Андан соң аны атайын транспорт менен ар бир блокпостко жеткирип беришүүдө. Бул учурда бардык санитардык нормалар жана эрежелер кылдат сакталат.

Шалаакыларга катуу чара көрүлөт! Боронов айрым мекемелердин ишин сынга алды
Кечээ Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасы, полковник Акылбек Ибраев кызматтагы аскерлерге түзүлгөн шарттарды жана тамак-аш уюштуруу иштерин текшерген. Ошондой эле блокпосттордо турган ИИМдин, ӨКМдин жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринен кабар калган.

Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жер-жерлерге блокпосттор коюлуп, күнү-түнү кайтарууга алынууда.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.