Боронов: Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек

Вице-премьер коронавирус басаңдасын десе, ар бир атуул бийлик тарабынан коюлган талаптарды, медиктердин сунуштамаларын кынтыксыз аткарышы керектигин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Азыркы коронавирус пандемиясы шартында Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек. Мындай пикирин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Журналисттер ага 15-апрелге чейин айрым аймактарда жарыяланган өзгөчө абал андан ары дагы жылдырылышы мүмкүнбү деген суроо беришти.

“Мен өзгөчө абал узартылат деп элди коркуткум келбейт. Бирок биз баарына даяр болушубуз керек. Ар бир мамлекеттин мындай шартта абалдын эң начар делген вариантында колдонулчу атайын пландары болот. Бизде дагы андай пландар бар. Бирок баарыбыз оптимисттик көз карашта болуп, жакшы нерсеге ишенели”, — деди Боронов.

Ошол эле учурда вице-премьер коронавирус басаңдасын десе, ар бир атуул бийлик тарабынан коюлган талаптарды, медиктердин сунуштамаларын кынтыксыз аткарышы керектигин эскертти.

Коронавирус Кыргызстанда

Боронов: эгер өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал өзгөрбөсө, ӨА режими узарат
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 94кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.