Коменданттык саатты бузгандардын төрт күндөгү саны. Жалпы маалымат

Кыргызстандын бир канча аймактарында кечкисин коменданттык саат киргизилгенден тарта түндө көчөгө чыккандарды милиция кармап жатат. Бул КРдин мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Соңку төрт күн ичинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган жерлерде коменданттык саатты 939 адам бузду. Бул туурасында ИИМдин маалымат министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Түндө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаараларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда кечки саат 20:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин 150 адам кармалып, милиция бөлүмдөрүнө алып келинген.

Андан сырткары, 8 автоунаа айып короого токтотулган.

Алар:

  • Бишкекте — 115;
  • Ошто — 15;
  • Жалал-Абадда — 8;
  • Сузакта — 1;
  • Ноокатта — 1;
  • Кара-Сууда — 10.

Мыйзам бузгандарга тартип дагы бир ирет түшүндүрүлүп, коменданттык саат аяктаган соң алар үйлөрүнө кое берилген.

Коронавирус Кыргызстанда

Бир айлык запас керек. Адис үй карантинин туура пайдалануунун жолун айтты
27-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жеткен. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталган. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.