Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер

Борбор калаадагы бардык кафе-ресторандар жабылды, ал эми дүкөндөрдөн азык-түлүк саткандары гана иштеп жатат. Ишкерлер жаңы түзүлгөн жагдайларга туруштук берип-бере албасын айтып беришти.
Sputnik

Бишкекте кафеде түштөнүп же кийим коюлган текчелерди бойлой сейилдөөгө эми болбойт. Баары жабык, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана жана банктар гана ачык. Борбор шаарыбыздагы ишкерлер өзгөчө абал режимин кантип баштан кечирип жатканын жана жаңы шарттарга ыңгайлаша алар-албасын сурап көрдүк.

Биз бет кап тигүүдөн баш тарттык. Тигүүчүлөр кантип эптештирүүдө?

Тигүү цехинин ээси Салтанат, фамилиясын атагысы келбеди, кол алдындагыларын баарын убактылуу таратты. Тигүү машиналарын алып, үйдөн иштөө сунушталса да көпчүлүгү муну каалаган эмес.

"Кыздарыбыздын көбү Бишкекке аймактардан келип иштешет. Ушул тапта шаарда болуудан чочулап, айылдарына кетип жатышат. Отуз машинадан бешөөнү гана алышты", — дейт Салтанат.

Айрым тигүү цехтери коронавирус мажбурлаган абалдын амалын таап, көйнөк жана блузканын ордуна медициналык бет кап тигүүгө киришти. Салтанаттын айтымында, ага да мындай буюртмалар түшкөн, бирок ал баш тарткан.

"Биринчиден, кызматкерлеримдин коопсуздугу үчүн корком, анткени алардын баары кантип бир цехте чогуу отурушат? Экинчиден, бет кап тигүүгө ылайыктуу шарт түзүп бере аларыбызга арсармын. Кантсе да аларды биз таза жайда тигишибиз керек, ал эми цехте чаң көп", — дейт ал.

Азыр бир буюртмасы — мектеп формасы гана калды. Салтанат бул тигүүчүлөргө жок дегенде тамак-ашка тыйын таап алууга мүмкүндүк берет дейт. Башка арга жок.

Асрандиев салык жана кредит үчүн каралып жаткан жеңилдиктер боюнча айтты
"Менин көйгөйүм — 10 миң доллар насыямда. 69 сом кезинде алганбыз, эми доллар 80 сомго чыкты. Курстук айырмадан эле 100 миң сом жоготтум", — дейт ал.

Мындан тышкары, Салтанат цехти айына 600 долларга ижаралайт. Ишкана жабылганына карабастан, цех жайгашкан жайдын ээси ижара акысын ылдыйлатууга көнбөй койгон.

"Бардык жабдууну чыгарып кетип, акы төлөөдөн баш тартайын деп да ойлондум, бирок кайра бир-эки ай күтө турайын деп чечтим. Имарат ээсинин да бул кылыгын түшүнө албадым. Менимче, мындай шартта бул адамгерчиликсиз мамиле", — деп кейийт ишкер айым.

Соода 90 пайызга төмөндөдү. Кийим сатуучулар кантип жатат?

Бишкектик ишкер Кристина Кузьмина ГУМда аялдар кийимин саткан бутикке ээлик кылат. Карантин жарыяланар алдында эле алар соода борборунун жетекчилигинен ишти тезирээк токтотууну өтүнүшкөн экен.

Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер
"Тезирээк жабууну өтүндүк. Биринчиден, акыркы апта бою сатып алуучулар болгон жок, бекер отурдук. Экинчиден, биз өзүбүз коронавирус жуктуруп алуудан чочуладык", — дейт Кристина.

Көптөгөн соода борборлору бутик ээлеринин абалын түшүнүп, ижара акысын алууну убактылуу токтотту. Бирок мындай жеңилдетүү да айрым ишкерлер доллардын курсунун кескин өсүшүнөн келип чыккан каатчылыкты жеңе албай калышы ыктымал. Себеби, соода борборлорунда ижара акысын ишкерлер америкалык валюта менен төлөшөт. Мисал келтирсек, бутиктин бир айлык ижара акысы миң доллар турат. Эки апта мурун эле бул сумма 70 000 сомду түзсө, ушул тапта 80 300 сомго чыкты.

"Бул өтө чоң айырма! Муну менен бирге эле Түркиядан товар да доллар менен алынып, аны ташып келүүгө да ушул валюта менен төлөнөт. Көйгөйдүн баары мына ушунда", — деп кейийт Кузьмина.

Соодагерлер кампаларга жете албай жатат. Премьер шаар коменданты менен жолукту
Ал мындай кырдаалга тушуккан башка жүздөгөн ишкерлердей эле интернет аркылуу соодасын жөнгө салууну ойлонгон. Бирок кийим-кечени курьердин көмөгү менен сатуу кирешесиз экенин белгилейт.

"Элдин санаасы башка. Алар азыр бара турган деле жер жок болгондуктан, көйнөк эмес, азык-түлүк сатып алышууда. Азырынча бул бизнестен кетүүнү ойлонгон жокмун, бирок кошумча каражат табуунун варианттарын издеп жатам", — дейт ал.

Зульхумар Касымов бөлөк бир белгилүү соода борборунда бут кийим жана сумка саткан бутикти кармайт. Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери анын соодасы 90 пайызга түшкөн. Ал эми интернет аркылуу соода кылуу аракети каржылык чыгымын жаба алган эмес.

"Кардарларыбыз бизди таппай калбашы үчүн дүкөн менен алардын байланышын кармап туруу максатында гана онлайн сооданы улантуудабыз. Бут кийимди ченеп көрмөйүнчө сатып алыш кыйын болгондуктан, интернет аркылуу буюртма кылууну баары эле туура көрө бербейт, бирок сумканы онлайн сатууда көйгөй жок", — дейт ал.

Касымов карантин тууралуу кабарды туура эле кабыл алганын, себеби адамдардын ден соолугу биринчи орунда экенин айтат.

Кызматкерлер бизден азык-түлүк алып берүүнү суранышат. Кафе-ресторандар кандай күн көрүүдө?

Бишкекте азыр коомдук тамактануу жайлардын баары жабык. Buffet ашканалар түйүнүнүн өкүлү карантин аларга кандай таасир эткенин айтып берди.

"Адегенде биз алты филиалыбызда тең орун санын 50гө кыскарттык, столдордун аралыгын эки метр кылып жайгаштырдык, бирок күн өткөн сайын кардарлардын саны азая берди. Буга компаниялар улам жабылып, ал эми бийлик элди үйдөн чыкпоого чакырышы себеп", — деп белгилейт ал.

Коронавируска чукул жооп кайтаруу. Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтөт
Азыр филиалдарынын баары убактылуу жабылган, муну кызматкерлердин баары туура түшүнүштү. Азырынча ишкана үйгө жеткирүү кызматын ишке киргизүүгө үлгүрө элек.

"Мурда биз тамак жеткирүү кызматын көрсөтчүбүз, бирок азыр бүт ишибизди токтоттук. Кызматкерлерибиз жана кардарларыбыздын коопсуздугун болушунча камсыздоого тийишпиз, ошондуктан кандай кылып уюштурганыбыз дурус болорун ойлонуштуруудабыз", — деп белгилейт ашканалар түйүнүнүн өкүлү.

Ал эми "Burger by Tenishev" кафесинин жетекчилиги иштин нугун бура алган. Аталган жайдын башкы ашпозчусу Абдулла Тенишев учурда үйгө тамак жеткирүү кызматын көрсөтүп жатканын билдирди.

"Негизи буюртмалар бар, бирок биз азырынча чыгым гана тартуудабыз. Мындай ыргакта качанкыга чейин ишти улай аларыбыз белгисиз. Баарынан да бизде иштеген кызматкерлерге сарсанаабыз. Көпчүлүгү айылдан келген, айрымдары батир ижаралашат. Алар бизден акча, азык-түлүк сурап жатышат. Колдон келишинче аларга колдоо көрсөтүүгө тырышабыз. Азырынча ресурсубуз бар, ал эми кийин эмне болот билбейм", — деп белгиледи ал.

Азыр ижара акысын талап кылуу адилетсиздик. Серепчилердин көз карашы

Кыргызстандын бизнес-омбудсменинин орун басары Сергей Пономарев азыр укуктарынын бузулушуна арызданган ижарачылардын саны өсүп жатканын белгилейт.

Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер

Анын айтымында, өзгөчө абал режиминде ишкерлерден ижара акысын талап кылуу натуура.

"Бул аргасыз жагдай, мындайда бири-бирибизге боор ооруп, туура түшүнүү зарыл. Азыр мага көп ишкерлер кайрылып, ижара акысын талап кылышканын, буга кандай арга табууга болорун сурап жатышат. Келишимде аргасыз жагдай (форс-мажор) боюнча пункт көрсөтүлбөгөн күндө да, ал Жарандык кодексте жазылган", — деп белгилейт адис.

Ал ишкерлерди арыздарын Кыргызстандын бизнес-омбудсмени институтунун расмий сайтына калтырууга чакырды.

Ошону менен бирге эле мыйзам боюнча кызматкерлерди акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарууга болот, бул Эмгек кодексинде каралган.

Кыргызстан Кытайдан жүк ташууну жандандырууга камынып жатат
"Каржылык таянычы бар ири бизнес кызыкчылыктардын кагылышын жоё алышы мүмкүн. Андай таянычы жок майда ишкерлер да жок эмес. Бирок насыялары бар, ижара акысын жана салык төлөө керек. Алардын банкрот болушу ажеп эмес", — деп белгилейт ал.

Пономарев мамлекет бизнестин каатчылыкка туруштук беришине көмөктөшүүгө аракет кылганын, мисалы, салык каникулу киргизилгенин, коммерциялык банктарга насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу айтылганын, ошону менен бирге эле бийлик ишинен айрылгандарга да жардам берүүнүн жолун издеп жатканын белгилейт.

"Биз алар үчүн эмне кылууга болорун караштыруудабыз. Иш жок убакта да үй-бүлөсүнө киреше алып келгидей, эптеп акча тартыштыгын жое тургудай коомдук пайдалуу иштер бар. Акыры бирөө көчөлөрдү жыйнап, объектилерди дезинфекциялашы керек эмеспи. Азыр жумушчу күчү көп керектелет", — деген оюнан бөлүштү.

Ал эми "Борбордук Евразиянын трансчекаралык изилдөө түйүнү" аналитикалык борборунун директору Денис Бердаков кыргызстандык бизнес үчүн эң мыкты дары — карантинди сактоо боюнча бийликтин көрсөтмөлөрүн аткаруу экенин белгилейт.

Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер
"Адамдар айтылган кеп-кеңештерди канчалык туура аткарып турса, мунун баары ошончолук тез бүтөт. Алты ай жарым-жартылай карантинден көрө бир ай толук карантин дурус, себеби инфекциянын бардык очоктору жоюлат. Сооданы кайра жандандыруунун мааниси жок, себеби бизнести кайра качан болбосун жаап коюшу мүмкүн", — деп белгилейт серепчи.

Бердаков кошумчалагандай, ушул тапта өндүрүшчүлөр бизнесин кайра түзгөнү оң. Азыр эң зарыл өндүрүмдөргө, ошондой эле коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган товарларга айрыкча талап күч.

"Биздеги алкоголдук гигант холдинг колду дезинфекциялоочу санитайзерлерди чыгара баштаганын мисал келтирер элем. Бул жумуш орундарын сактап калуу жана инфекцияга каршы күрөшкө кол кабыш кылуунун эң мыкты ыкмасы", — дейт ал.

Серепчинин пикиринде, инфекцияга толук туруштук берүү үчүн мамлекеттик бюджеттеги акча жетишсиз, демек, ишкерлердин көмөгү азыр Кыргызстан үчүн өтө зарыл.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими кандай өтүп жатканы туурасындагы бардык маалыматтарды Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан окуңуздар.