Министрлик: коронавирус жуктургандардын арасында дарыгерлер жок

Саламаттык сактоо министрлиги күнүнө эки-үч ирет өлкөдөгү кырдаал, байтаптардын абалы тууралуу маалымат берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эки дарыгер жана медайым коронавирус жуктурду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Коронавирус жуктурган 5 кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду
Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 44 киши ооруканада дарылануудан өтүп жатат. Анын алтоо реанимацияда, 10 кишинин абалы орточо оор. Акматованын айтымында, калгандарыныкы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкектен Жалал-Абадга дарыгерлердин тобу чыгып кеткен.

Sputnik агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат