Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. Сандар

Кыргызстанга жакын жайгашкан эки мамлекетте коронавирус 13-15-март күндөрү аныкталган. Андан бери бейтаптардын саны бир нечеге өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Коңшу мамлекет Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 60ка жетсе, Өзбекстанда вирусту 45 киши жуктурду.

Sputnik Казакстан агенттигинин билдиришинче, коронавирус Алматыда 25 кишиде, Нур-Султанда 31 адамда, Карагандада эки бейтапта, ал эми Алматы жана Актөбө облустарында бирден кишиде катталган.

Бул өлкөдө коронавирус биринчи жолу 13-мартта эки кишинде аныкталып, ага байланыштуу 16-марттан тарта республикада өзгөчө абал режим киргизилген. Мындан улам чет элдиктердин Казакстанга кирүүсүнө тыюу салынып, 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге алынган болчу.

Коронавирус, өзгөчө кырдаал, азыркы абал. Учурда эмне болуп жатат
Sputnik Өзбекстан агенттигинин маалыматы боюнча, COVID-19 бир суткада эки кишиде аныкталып, жалпы оорулуулардын саны 45ке жетти. Учурда өлкөдө вирусту жайылтып жибербөө үчүн бардык аракеттер жүрүп жатат. Жада калса коомдук жайларда маска тагынбагандар үчүн расмий түрдө айып пул каралган. Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус биринчи жолу 15-мартта Франциядан учуп келген аялдан табылган.

Ал эми Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 14кө жетип, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилди.

Эгер дүйнөдөгү статистиканы карай турган болсок, 23-март эртең мененки маалыматка ылайык, жаңы типтеги вируска 336 000 киши кабылып, анын 98 334си айыкты. Тилекке каршы, 14 641 адам көз жумду. Вирус ааламдын 200дөй өлкөсүнө жайылды.