Москвадагы кыргыздар Ноорузду кантип майрамдай турганы айтылды

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн 10-апрелге чейин бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Мария Науменко. Москвадагы кыргыз диаспорасы Ноорузду майрамдоонун башка варианттарын караган жок. Бул тууралуу “Кыргыз биримдиги” коомунун вице-президенти Аниса Жээнбекова билдирди.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн 10-апрелге чейин бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган болчу. Жыл сайын ВДНХнын 75-павильонунда өткөрүлүүчү Нооруз майрамын майрамдоого да тыюу салынган.

“Мекеним Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Бегиева Москвада жашаган кыргызстандыктардын айрымы үй-бүлөсү менен шаар четине чыгууну пландап жатканын айтты.

Президент Жээнбеков Ноорузга карата элге кайрылуу жасады
“Бирок андайлар аз санда. Мекендештердин басымдуу бөлүгү изоляцияда болууга аракет кылып жатышат. Ден соолук биринчи орунда экенин баары жакшы түшүнүп турушат”, — деди ал.

20-мартка карата алынган маалымат боюнча, Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 199 болсо, анын 98и — Москвада. Кыргызстанда коронавирус алты адамдан чыкты. Маанилүү иш-чаралардын баары токтотулду.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Жалпы жонунан 230 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алса, анын 10 миңдейи каза тапты.