БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Благовещенка, Орто-Азия жана Бостон айылдарына 19 пост коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Кылыч Жолдошов билдирди.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусуна коронавируска шектүүлөрдөн анализ алуу үчүн мобилдүү лаборатория жибериле турганын Республикалык өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин борборунун директору Сабыржан Абдукеримов билдирди.
Маалыматка ылайык, мобилдүү лабораторияда анализ алынып, андан соң материал борборго жөнөтүлөт.
"Мобилдүү лаборатория бир күн ичинде 100 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Өлкөдө жалпы үч мобилдүү лаборатория болсо, анын бири Ош шаарына берилген", — деди Абдукеримов.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Назира Артыкова өлкөдө вирусту аныктоо боюнча беш лаборатория иштеп жатканын айткан. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Ошто. Калганы анализдерди ташуу татаал болгон жерлерге жөнөтүлөрүн белгилеген.
Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.