Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар инсанды эскерип, анын өмүрү, чыгармачылыгы, баскан жолу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Томолой жетим өскөн.Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Ал 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан ажырап томолой жетим болуп өскөн. Болочоктогу калемгер бала кезинде китепке жакын болуп, 5-класста эле айылдык китепканадагы адабияттардын бардыгын окуп койгон. Өспүрүм кезинде борбор калаадагы №5 интернатка келип билим алып, окуучулук кезинде эле колуна калем алып, ыр, макалалары гезиттерге жарыяланып турган.
Полиглот калемгер. Салижан Жигитов өзүнүн чыгармачылыгында котормочулук менен да алектенип, Антуан де Сент-Экзюпери, Назым Хикмет, Мустай Каримдин орус, түрк, башкыр тилиндеги чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргыз эл жазуучусу орус жана кыргыз тилинде тең көркөм, жеткиликтүү, жеңил жаза билчү. Мындан сырткары, азербайжан, татар, өзбек, казак тилдеринде да мыкты сүйлөгөнү айтылат. Эң кызыгы, калемгер түрк элдеринин тилдерин өз алдынча сөздүк менен үйрөнүп алган. Окумуштуу жети тилде түш жоруп, башка чет тилдерди билгендерге аябай суктанчу.
Акын, окумуштуу, сынчы... Жигитовдун ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Анын "Ыймандай сырым менин" аттуу алгачкы ыр жыйнагы 35 жашында жарык көргөн. Кийинки жылдары "Ырлар жана жылдар", "Жаңычылык жолунда", "Көркөм сөз маселелери", "Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары" адабий сын макалалар жыйнактары, "Күн тууду" ("Ит икаясы") повести окурмандарга сунушталган. Ошондой эле филология илимдеринин доктору кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылыгын изилдеп, калыс баа берген. Анын аркасында "20-жылдардагы кыргыз адабияты", "Обретение новых традиций", "Акындын экинчи өмүрү" монографиялары чыккан. Салижан Жигитов башкалардын эмгектерин гана сындап тим болбостон, 30-40 жыл мурун жараткан чыгармаларын да оңдоп, өзүнүн жазгандарына да сын көз караш менен караган.
Улуу устат. КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жаштарга жол көрсөтүп, кеп-кеңеш берип Осмонакун Ибраимов, Абдыганы Эркебаев, Абдылдажан Акматалиев, Эсенбай Нурушев, Советбек Байгазиев, Калык Ибраимов, Камбаралы Ботояров, Каныбек Эдилбаев өңдүү адабиятчы, сынчы, коомдук ишмерлерди тарбиялаган.
Өлкө башчысына кеңеш берип. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президент Аскар Акаев Салижан Жигитовду кеңешчи кылып кызматка чакырган. Андан соң 1993-жылы КРдин Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган. Үч жылдан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, гуманитардык илимдер институтунун директору болуп кайра эле агартуучулукка өткөн.
Тойдон качып... Жашоодо Салижан Жигитов аябай тамашакөй, баёо болгонун шакирттери, жакындары эскеришет. Кээде майда-чүйдө нерселерди байкабай жүрө бермей адаты болгон. Мисалы, бир бутуна кара, бир бутуна күрөң же кызынын бут кийимин кийип алып деле көчөгө чыгып кетчү.
Ой-чабыты, сөз байлыгы кенен профессор тойго такыр баргысы келчү эмес. Кыргыздын ысырапчылык, куру намыс менен коштолгон жакшылыктарынан качып турчу. Үйүндө өзү чогулткан толгон-токой китеби болгонуна карабай, байма-бай китепканага каттап турганын айтышат.