Жүрөктү зырп эттирген статистика. Коронавирус жуктургандар, өлгөндөр, сакайгандар

Коронавирус көп жайылган алдыңкы беш мамлекет катарында мурдагыдай эле Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Испания турат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 15-мартка карата алынган маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавируска 156 396 адам чалдыгып, анын 73 968и сакайды. Ал эми илдеттен көз жумгандардын саны 5 833кө жетти. Бул туурасында Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтында айтылат.

Коронавирус кандай температурада өлөт. Адистердин иликтөөсү
Ага ылайык, оору көп жайылган алдыңкы беш мамлекеттин катарында Кытай (ооругандар — 80 995), Италия (21 157), Иран (12 729), Түштүк Корея (8 086), Испания (6 391) турат. Дарт 110го чукул мамлекетке жайылды.

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Андан улам Кыргызстан 14-марттан тарта коронавирус коркунучуна байланыштуу жети өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салды.

Коңшу Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны алты адамга жетти. Кыргызстан бийлиги учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.