Кыргызстанда бала бакчалар дагы карантинге жабылабы? Өкмөттүн жообу

Буга чейин Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары үч аптага карантинге чыгары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бала бакчаларды карантинге жабуу же жаппоо боюнча чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бала бакчалар тууралуу билүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганда, ал жактан бул боюнча дүйшөмбү күнү маалымат берилерин айтышты. 

Буга чейин Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары үч аптага карантинге чыгары айтылган. Чечим Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Ошондон улам коңшу жана алыскы чет өлкөлөр окуучу жана студенттерди каникулга чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл ала баштады. Мисалы, Россияда балдар эркин окуу формасына өткөрүлдү. Ал эми казак бийлиги каникулдан кийин окуучуларды онлайн окутуу жактарын карап жатат.

Учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандар каттала элек. Дүйнө жүзү боюнча акыркы маалыматтарды айта турган болсок, 145 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 5429у каза таап, 71 миңден ашуун киши сакайды.