Кыргызстанда мектептер менен ЖОЖдор үч аптага карантинге жабылат

Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайларды карантинге жабуу чечими бүгүн, 14-мартта, Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылмай болду. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта, Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

Кыргызстанга коронавирустан улам 7 өлкөнүн жарандары кире албайт. Жаңы документ
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги мектеп жана ЖОЖдордо билим алуучулардын 95 пайызы сабакка катышып жатканын айтып, карантин жарыялоо үчүн окуучулардын 25 пайызы келбей калышы керектигин билдирген эле

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Ошондон улам коңшу жана алыскы чет өлкөлөр окуучу жана студенттерди каникулга чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл ала баштады. Мисалы, Россияда балдар эркин окуу формасына өткөрүлдү. Ал эми казак бийлиги каникулдан кийин окуучуларды онлайн окутуу жактарын карап жатат
Учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандар каттала элек. Дүйнө жүзү боюнча акыркы маалыматтарды айта турган болсок, 145 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 5429у каза таап, 71 миңден ашуун киши сакайды.