Абылгазиев менен Мишустин телефондон сүйлөштү

Өкмөт башчылар валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдөгү экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Рубль мунай баасынын түшкөнүнөн улам арзандап кетти
Эки мамлекеттин премьер-министрлери валюта жана мунай зат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдөгү экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашкан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар КР менен РФтин ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеп кылышкан.

Ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында өтүүчү иш-чараларды сүйлөштү.

Белгилей кетсек, дүйнөдө мунайдын баасынын арзандашынан улам рублдин наркы доллар менен еврого карата 30 пайызга түшүп кеткени маалым болгон.