ТИМ: Казакстан кыргыз жарандарына ID-карта менен кирүүгө тыюу салды

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандарынын өлкө ичиндеги паспорту болуп эсептелген ID-карта Россияда жана Казакстанда жарактуу.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Казакстан кыргыз жарандарына ID-карта менен кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Кырызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, чектөө 8-марттан тарта башталат.

"Казакстан келерки жуманын башынан баштап кыргызстандыктарды ID-карта менен кирүүсүнө чек коерун билдирди. Бирок себебин жана канча мөөнөткө созуларын так айткан жок. Бул бүткүл дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан коронавирус эпидемиясына байланыштуу болушу мүмкүн", — деди Абдрахманов.

Жалпы жарандык паспорту жоктор КРге кантип кирет? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
Ошондой эле ал коңшу өлкө мындан тышкары чектөөлөрдү койбогонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандарынын өлкө ичиндеги паспорту болуп эсептелген ID-карта Россияда жана Казакстанда жарактуу.

Эске салсак, буга чейин коронавирус коркунучунун айынан Кыргызстан өз жарандарына башка өлкөдөн ID-картасын көрсөтүп кирүүгө тыюу салган. Бул кадамын өкмөт эпидемиялык абал курч болуп турган өлкөдөн келген жарандар Россия аркылуу өлкөгө кирип, карантинден качып жатканы менен түшүндүргөн.