Айылдагы корообуздун тушундагы арыктын боюнда эки түп алмабыз бар. Жаштары менден да улуураак болсо керек. Убагында чоң атам атайын тоодон алып келип эккен экен. Алмалар көктөп, шактап, дүпүйүп аябай жетилишкен. Бир жесең көпкө чейин татымы таңдайыңда калып, тамшандырчу таттуу мөмөсү бар.
"Биздики", "меники" деген сезим табиятында бар адамзаты өзүнө тиешелүү нерсени башкага ыраа көрбөй, кызганат эмеспи. Ошол себептен бирөө алмабызды күбүп жатканын байкап калсак, "ким, эээй!" деп кыйкыра чуркап чыгып, артынан ормон опуза салып кубалаар элек.
Бир жолу ошентип жатканымды көргөн чоң атам: "Антип алманы корубагын! Ким болбосун каалаганча жесин, алып кете берсин" деп мага ачууланган. "Эмнеге өз менчигимди коргобошум керек?" деген купуя тентек суроо көкүрөгүмө тээп, чоң атамды түшүнө алган эмесмин. Бирок адеп сактап, тек гана башымды ийкеп, макул экенимди ишаралап койгом.
Алмаларды чоң атам эмне үчүн эки кадам берирээк короонун ичине эмес, сыртка, тоо дайрасынан суу агып келчү арыктын боюна тиккенин балакатка жетип, бир аз акыл токтотуп калганда аңдадым. Көрсө, биз үчүн эмес, ары-бери өткөндөр даамын татып, ыракат алсын, кубансын деп эл үчүн эгиптир. Ал алмаларда бизге караганда да элдин акысы көбүрөөк экен.
Алмалар бирде жакшы алып, кийинкиде анчейин болбой калган башка алмалардан айырмаланып, демейде ар жыл сайын шактары ийиле мол мөмөлөчү. Балким буга алма тамырлаган берекелүү кара топурак менен алдынан шырылдай аккан арык суусу эле эмес, чоң атамдын өзүнөн мурда өзгөнү ойлогон аруу ниети менен алма даамын сызып, ичинен ыраазы болгон адамдардын ак батасы себептир.
Ошол алмалардан аябай маанилүү турмуштук бир сабак алганымды минтип кырктан ашканда билип, түшүнүп олтурам. Ал сабак — жамандыкка жакшылык, катуулукка жумшактык, арамдыкка адамдык менен жооп берүү. Ооба, далай адамдар, өзгөчө тестиер тентектер менен жаш балдар алмаларга канча таш атышты. Кээде ошол таштар алма шактарын аралап өтүп барып, чоң атамдын үйүнүн там башын таңкылдата кулачу. Бирок алмалар таш жеп ыза болсо да, ордуна эң даамдуу, эң кооз, эң бышкан мөмөлөрүн түшүрүп берчү.
***
Азыр дүйнөнү интернет жөргөмүштүн желесиндей каптап, ороп бараткан заман. Интернет аркылуу адам менен адам, эл менен эл бирине-бири билип же билбей, атайын же капыстан ызаланта ыркырап, капаланта каарып жатканы кадыресе көрүнүш, аттиң. "Мени компьютердин мониторунан башка эч ким көрбөйт" деген кыска ойго алдангандар бирөөнүн акысына, аброй-намысына чычкан ийинине киргендей кирип, куру дооматтын уусун, жалган жалаанын чыласын чачуу өнөкөтүнө өтө көнүштү. Кээде ошондойлордун айыпсыздарды айыптап, тазалардан тарп издеп, актарды каралаган эссиз эпкини далайлардын жүрөк толтосуна ууланган жебедей сайылып, көңүл казанын көңтөрүп, ден соолугун соолутууда. Кантебиз? Андайларга Жараткандан топук, нысап, ыйман жана күнөөсүнө тообо кылчу абийир, ариет тилейли. Эгер таанысак, билсек, жылмаюу, жылуу сөз жана эчтемени укпагандай, көрбөгөндөй болгон жумшак мамиле менен жооп кайтаралы. Балага теңелип бакылдашсаң, аялга теңелип акыйлашсаң, эшекке эрегишип аңкылдасаң, сенин алардан айырмаң канча? Бийик бол! Жамандыктын сүйлөмүнө жакшылыктын илеп белгисин кой.
Жаман сөз, жалаа жана доомат — кык, таштанды, заң жана топурак аралашкан балчыкка окшош. Ал адам үчүн жийиркеничтүү болгон менен чочконун эң жакшы көргөн жайы. Рухту, акылды, сезимди жана саламаттыкты ошол булганчтан алыс асырайлы. Ошондуктан жагымсыз сөздөрдү, жалаа-ушактарды тапкан жерде таштап, көргөн жерди көөмп, уккан жерде унут, досум! Чалчык кургаган соң, балким, гүлзар үчүн жер семирткич болор.
Ошондуктан бышкан мөмөсү көздү күйгүзүп, көңүлдү азгырган алма, өрүк, алмурут, шабдалы, кайналы сыяктуу мөмөлүү дарактардан жамандыкка жакшылык кылганды үйрөнөлү. Бизге таш ыргыткандар бизден аш алып кетсин!
Мен алмадан ушул сабакты алган элем!