Sputnik Түркиянын кармалган баш редактору менен үч кызматкери бошотулду

Агенттиктин Стамбулдагы кеңсеси жекшемби күнү шаар прокуратурасынын берген уруксатынын негизинде тинтүүгө алынган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Анкарада кармалган Sputnik Түркия агенттигинин башкы редактору менен үч кызматкери бошотулганын РИА Новости кабарлады.

Сурак жүргүзүүнүн протоколуна ылайык, түрк прокуратурасы алардын аракетинен кылмыштын белгилерин тапкан эмес.

Түркия Идлибде Сирия аскерлерине урган соккусунун видеосун жарыялады
Буга чейин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян 29-февраль күнү Анкарадагы Sputnik Түркия агенттигинин кызматкерлеринин үйүнө белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылганын билдирген. Алар улуттук маанайдагы сөздөрдү айтып, журналисттерди коркутуп, кемсинтип кетишкен. Полицияга кайрылган кызматкерлер менен ошол боюнча байланыш үзүлүп калган.

Агенттиктин Стамбулдагы кеңсеси жекшемби күнү шаар прокуратурасынын берген уруксатынын негизинде тинтүүгө алынган болчу. Полиция кызматкерлери редакциядагы компьютер дисктеринин копияларын алып кеткени айтылган.

Россия ТИМи Түркия бийлигине кайрылып, болуп жаткан окуянын чоо-жайын тактоого чакырган. 

Мунун баары Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалдын курчушунан кийин болуп жатат. Бир жума мурун түрк аскерлеринин колдоосуна таянган согушкерлер Сирия армиясына кол салган. Сирия Россиядан жардам сурап, натыйжада Россия авиациясынын көмөгү менен соккунун мизи кайтарылган.