Эпидемиядан улам азиаттарга карата кастык мамиле күч алганын Reuters агенттиги, CNN телеканалы жана бир катар француз маалымат каражаттары маалымдады.
Алар азиат тегинен улам метродо адамдар жанынан качып же супермаркеттерде азык-түлүктөргө кол тийгизүүгө тыюу салуу өңдүү ыдык көргөн адамдардын баяндарын жарыялашты.
Мындай кылыктарга жооп катары Кытай жана башка Азия мамлекеттеринин жарандары Twitter аркылуу #яневирус (#ImNotAVirus) хэштеги менен флешмоб башташты. Азиат түспөлүндөгү адамдар өз постторунда дүйнөгө жайылып бараткан коронавирустун күч алышынан улам басмырлабоого чакырууда.
Ушул тапта дүйнөнүн ар кай бурчун байырлаган мекендештерден да жашаган жериндеги жергиликтүү калк да чочулай качууда.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы ушундай мамилеге кабылган кыргызстандыктардын айрымдары менен сүйлөштү (айрымдары ысымдарын ачык атабоону өтүнүштү).
Түркияда жашаган мекендештин айтымында, биздикилерди дайым кытайларга окшоштурушат.
"Биздин азиат тибиндеги көздөрүбүздөн улам бизди адегенде Кытайдан деп ойлошот, алардын тилинде баарлаша келген соң шек саноосу тыйылат. Бир нече ирет адамдар менден оолак турууга аракет кылышканын сездим. Бирок ачык кодулоону туйган жокпуз, анткени Стамбул — көп улуттуу калаа", — деп бөлүшөт мекендеш.
Болот Абдыкадыров 15 жылдан бери Италияда турат. Европалыктардын коронавирусту жуктуруу коркунучунан кыйсыпырга түшүшү анын үй-бүлөсүнө катуу таасир эткен. Бул тууралуу кыжырданган пикирин өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.
Натыйжада ал мындай жагдайларды видеого тартып, тамашалуу формада көрсөтүүгө өткөн.
Неаполдо 10 жылдан бери жашаган кыргызстандык айымдын айтымында, бул калаада мындай кырдаал жок. Күн сайын ал жумушка эки поезд менен барып келет, бейтааныш италиялыктардын шектүү көз карашын эч байкаган эмес.
"Өткөндө тиш доктурга бардым, ал мага бир окуядан кеп салды. Италиянын бөлөк бир шаарында болгон экен. Кыргызстандык ата-эне уулун стоматологго алып келишет. Мурдатан жазылган врачы аларды көрүп эле дарылоодон баш тартат. Өспүрүмдү башка доктур караптыр. Буларды баяндаган менин врачым жанагы кемчонтой доктурга абдан жинденди", — дейт ал.
Коронавирусту жуктуруп алуудан коркуу айрымдарды монголоид расасындагы адамдардан оолак карманууга түртүүдө. Мындай учурга Италиядагы дагы бир мекендешибиз кабылган.
Сеулдагы (Түштүк Корея) журтташыбыз YouTube каналынан жаңы типтеги вирустун эпидемиясынан кийин калаада кандай кырдаал экенин көрсөттү. Бул өлкө Сovid-19 коронавирусуна кабылгандардын саны боюнча Кытайдан кийинки сапта турат.
"Шаар тургундарын медициналык бет кап тагынуу жана жеке тазалыкка терең көңүл бөлүүгө тынымсыз үндөп келишет. Бет капсыз адамдарды көчөдөн дээрлик кезиктирбейсиз. Айрымдар коомдук транспортто кармагычтарга колун тийгизбөөгө тырышууда. Бул дагы ооруну жуктуруп алуудан коргонуунун ыкмасы. Бүтүндөй өлкө боюнча массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды, ири соода борборлору жабылды", — дейт кыргызстандык жигит.
Коронавирустун жайылышына байланыштуу басмырлоо башталганына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебрейесус да көңүл бурууга чакырат.
"Көптөгөн адамдар өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына тынчсызданып жатканын түшүнүп турабыз. Бирок дискриминациядан алыс болуп, ушундай кыйын кезеңде ортоктош жана шериктеш бололу", — деп жазды ал Twitter баракчасына.
Коронавирус кырдаалы
Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамын да токтоткон. Ошондой эле республиканын бийлиги Иран, Кытай, Корея жана Япониядан келгендер үчүн милдеттүү түрдө карантин киргизди. Кыргызстанда өкмөттүн маалыматы боюнча коронавирус жуктургандар жок.
Соңку маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккан 82 170 учур катталып, 2804 киши каза таап, 32 898 бейтап сакайган.