Айдоочуларга айып пул төлөтүүдө кандай тоскоолдуктар бар экени айтылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан камерага түшүп калган маалыматтарды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк дээрлик жоктугун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулдарды айдоочуларга жеткирүүдө тоскоолдуктар болууда. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККББ) Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова айтты.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы менен бизде маселе жаралууда. Алардын кызматкерлери туруктуу иштебей, иштен улам бошоп кетип калып жатат. Дагы бир көйгөй — почта кызматкери жол эрежесин бузган кишиге документти алып келгенде үйдө болбой калган учурлар арбын. Мыйзам боюнча почтальон үч ирет барышы керек", — деди ал.

"Коопсуз шаар": бир жыл ичинде айып пулдан канча акча түштү
Баратова эрежени бузгандыгы үчүн айдоочунун айыпты төлөө мөөнөтү кагазды колуна алган күндөн тарта башталарын кошумчалады.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев камерага түшүп калган маалыматтарды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк дээрлик жоктугун айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик башка органдар "Коопсуз шаардын" ишине өзгөртүү киргизе албайт.

"Эгерде андай учурлар кездешсе, күнөөлүүлөр жазаланат", — деди Сатыбалдиев.

ЖКККББнын маалыматына таянсак, катталып, каралган 1 миллион 32 миң 673 токтом ар бир операторго бөлө келгенде 577 материалдан тийген. Бир күндө болжол менен алганда 4 миңден ашуун токтом чыгат.