Кыргызстанды өзгөрткөн СССР. Жээнбековдун Кремлде сүйлөгөн сөзү

Кыргызстан менен Россиянын президенттери эриш-аркак жылдын ачылышына арналган гала-концерттин башталышында сүйлөштү.
Sputnik

МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. Советтер Союзунун карамагында болгон 70 жылдын ичинде Кыргызстанда билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай укмуштуудай өнүккөнү талашсыз факт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын ачылышына арналып Мамлекеттик Кремль сарайында өтүп жаткан гала-концертте айтты.

“Кыргызстан эгемендикке ээ болгонуна 30 жыл болду. Бирок буга карабастан эки элдин руханий, маданий, боордоштук мамилеси ошол боюнча калды”, — деди өлкө башчы өз сөзүндө.

Жээнбеков быйыл Улуу Жеңишке 75 жыл толорун да эскертип өттү.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды
“Адамзаттын тарыхындагы эң коркунучтуу согуш тууралуу чындыкты коргоп, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү — биздин ыйык милдет. Ата-бабаларыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Советтик жоокердин кайраты дайым эсибизде болот. Согуш тууралуу чындыкты коргоодо Россиянын ролу эбегейсиз”, — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Россия республиканын эң жакын, ишенимдүү союздашы жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Анын айтымында, интеграциялык жана аскерий-саясий уюмдардын (бул биринчи кезекте КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ) курамындагы эки мамлекеттин позициясы бирдей.