Түркияда кайрадан жер титиреп, жабыркагандардын саны 50гө жетти

Ван провинциясында жабыркаган 50 адамдын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айрымдарга операция жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 50гө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа билдиргенин РИА Новости кабарлады.

Буга чейин кырсыктан 37 адам жабыркап, тогуз киши каза тапканы айтылган.

"Башкале шаарынын Ван провинциясында жабыркаган 50 адамдын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айрымдарга операция жасалды. Азыркы тапта эки бейтап реанимацияда жатат", — деди Коджа.

Түркиядагы зилзала: келме келтирген, үйдөн, эфирден качып чыккан элдин видеосу
23-февраль күнү Түркиянын чыгышында, тагыраагы, Иран менен Түркиянын чек арасында күчү 5,7 баллга жеткен жер силкинүү болгон. Анын кесепетинен Иранда 75 адамдын жабыркагандыгы айтылган.

Эске салсак, январдын соңунда Түркияда жер титиреп, андан 30дан ашык адам көз жумган. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга жана Түркия элине көңүл айткан.