Өкмөт: Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвесторго 45 млн. сому кайтарылат

Долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ доллары болчу. Логистикалык борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ат-Башыга логистикалык борбор курууга белсенген кытай инвесторунун 45 миллион сому кайтарылып берилет. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады
Эске салсак, Ат-Башыга соода-өндүрүш-логистикалык борбор куруу чечими былтыр жыл аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон.

Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алган. Ага чейин логистикалык борборду курууга 200 гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага берилмей болуп, кытай инвестору жердин ижара акысынын 45 миллион сомун төлөгөн.

"Учурда өкмөттүн 200 гектар жерди трансформациялоо жөнүндө токтомун жана бул аймакты "Нарын" эркин экономикалык аймагына берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругун жокко чыгаруу процесси даярдалууда. Индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үчүн берилген 45 миллион сомго жакын каражатты инвесторго кайтаруу пландалууда", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ доллары болчу. Логистикалык борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон.