Нарын: облус жетекчиси митингге чыккандардын талабы боюнча үн катты

Логистикалык борбор курула турчу жер тилкесин инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага алышкан. Алар жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөп коюшкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыккандардын талаптарын өкмөткө жөнөтөбүз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 17-февралда, Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулуп, аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришти. Нааразычылык акциясына чогулгандар резолюция кабыл алып, бийликке беш талап коюшкан.

"Талаптарды карап чыгып, өкмөткө жөнөтөбүз. Бул боюнча өкмөттөн жооп келери менен жакынкы арада жергиликтүү тургундарга билдиребиз", — деди Алымкулов.

Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулат дегенден бери эл тынчый элек. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган аймакка барып, индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт.

Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор. Курулуш тууралуу 5 факты
Бул индустриялык-соода-логистикалык борбордун инвестору — "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрү Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алышкан. Алар жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөшкөн.

Инвесторлор күн жылыры менен, тагыраагы, апрель айында курулуш иштери башталып, ээн талаа чоң шаарга айланарын убадалаган.

Баса, буга чейин Нарындын аттуу-баштуу ишкер, аткаминерлери Бишкекте жыйын өткөрүп, жер эч кимге сатылбаганын айтып, инвесторлорго мүмкүнчүлүк берели деген ойлору менен бөлүшкөн.