Ажырашкандар көбөйдү! Мирзиёев үй-бүлө министрлигин түзмөй болду

Негизги максат — жылдан жылга Өзбекстанда көбөйүп бара жаткан ажырашуу көйгөйүн ооздуктоо. Ошондой эле жаш муунга тарбия берүүнү жакшыртып, эрте төрөттүн алдын алуу пландалып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлө жана махалля министрлигин түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Негизги максат — жылдан жылга Өзбекстанда көбөйүп бара жаткан ажырашуу көйгөйүн ооздуктоо. Ошондой эле жаш муунга тарбия берүүнү жакшыртып, эрте төрөттүн алдын алуу пландалып жатат.

Кыргызстанда 142 эркек ажырашкан аялына алимент төлөтүп жатат
Мирзиёев бул демилгени көтөрүп жатып, өлкөдө улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктар акырындык менен жоголуп бара жатканын айтып, жаштарды туура жолго салуу зарылдыгын белгиледи.

Айта кетсек, Мирзиёев бийликке келгенден бери үй-бүлөлүк институттун жакшырышына жан үрөп келет. Буга чейин ал жашы 18ге чыга элек кыздарга турмушка чыгууга тыюу салган. Мындан тышкары, аял-эркектин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам чыгарылып, эркектерди үй чарбасында дагы кол кабыш кылууга милдеттендирген.