Уханга коронавирус менен күрөшүүгө дагы 2,6 миң медкызматкер жиберилди

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1310го жетти. Ал эми жалпы жуктургандар кырк миңден ашса, сакайып кеткендер үч жарым миңге чукул киши экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарына коронавирус оорусу менен күрөшүүгө 2600 медицина кызматкери жиберилгенин РИА Новости Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берип жазып чыкты.

Бул чечимди Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен анын кол алдындагы Борбордук аскер кеңеши бекиткен. Уханга кошумча жардам кургактагы, деңиздеги, абадагы жана ракетадагы аскер бөлүктөрдөн келет. Ошондой эле башка бөлүктөр да көмөктөшөрү айтылды.

Жаңы барган дарыгерлер менен санитарлар бейтаптарды Тунцзи ооруканасынын базасындагы "Хошэньшань" аскер ооруканасы менен Гунгу районундагы эне жана баланы коргоо борборунда сакайтуу менен алектенишет. Биринчи ооруканага 860 кишини, экинчи ооруканага 700 адамды жумушка алуу пландалууда.

Коронавирус тууралуу

Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт?
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1310го жетти. Ал эми жалпы жуктургандар 48,2 миң болсо, сакайып кеткендер 3441 киши экени айтылды.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери