Кытайдан дагы 40 кыргыз студенти алып келинди. Сүрөт

Казак тараптын колдоосу менен кыргызстандык 40 студент 13-февраль күнү Пекин шаарынан учуп келип, Алматы шаарынын аэропортуна конгон. Аларды атайын жиберилген автобус Кыргызстанга алып келди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кытайда окуган кыргызстандык студенттерди Казакстандан алып келе жаткан алгачкы автобус "Ак-Жол" өткөрүү бекети аркылуу өлкө аймагына кирди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргызстандык 40 студент 13-февраль күнү казак тараптын колдоосу менен Пекин шаарынан учуп келип, Алматы шаарынын аэропортуна конгон. Аларды атайын жиберилген автобус Кыргызстанга алып келди.

"Улан-кыздар тепловизор текшерүүсүнөн кийин чек ара көзөмөлүнөн өтүштү. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. Эми алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин эрежесине ылайык, карантинден өтүү үчүн убактылуу пункттарга жеткирилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Уханга коронавирус менен күрөшүүгө дагы 2,6 миң медкызматкер жиберилди
Кыргыз студенттери кыргыз-кытай чек арасы жабылып, аба каттамдары токтотулгандыктан, мекенине кайтып келе албай Үрүмчү шаарында убактылуу жашап жатышкан.

Буга чейин кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча 18 мекендеш Казакстан тараптын жардамы менен Ухань шаарынан Нур-Султанга жеткирилип, андан ары аларды Бишкек шаарынан барган атайын учак алып келген. Учурда алар шаардын четиндеги ооруканалардын биринде карантинде кармалууда.