Татарстанда тик учак кулап, Мамдуманын депутаты каза болду

Тик учактын ичинде депутаттан тышкары дагы эки киши болгон. Экөө оор абалда экенин Татарстандын Саламаттык сактоо министрлиги айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мамлекеттик Думанын депутаты Айрат Хайруллин Татарстанда кулаган тик учакта каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Эл өкүлүнүн көз жумганын вице-спикер Сергей Неверов тастыктады.

"Тилекке каршы, Айрат Хайруллиндин кайтыш болуп калгандыгы тастыкталды. Буга ишенгим келбей турат, эмне дешти да билбейм. Анын жакындарына, туугандарына, досторуна көңүл айтабыз", — деп саясатчы Facebook баракчасына жазды.
Татарстанда тик учак кулап, Мамдуманын депутаты каза болду

Ал эми тик учактын ичинде депутаттан тышкары дагы эки адам болгону айтылды. Алар аман калган. Татарстандын Саламаттык сактоо министрлиги экөө оор абалда ооруканада жаткырылгандыгын билдирди.

Жанында кызы бар экен... Белгилүү баскетболчу Коби Брайант авиакырсыктан көз жумду
Буга чейин Bell үлгүсүндөгү тик учак бир учкучу жана эки жүргүнчүсү менен кулагандыгы кабарланган. Кырсык Куйбышев суу сактагычынан алты чакырым, Казань шаарынан 30 чакырым алыстыкта. Росавиация каргашага аба ырайы себеп болушу мүмкүн экендигин айтууда. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн комиссия түзүлдү.

Айрат Хайруллин “Единая Россия” партиясынан Мамлекеттик Думага IV, V, VI жана азыркы VII чакырылыштын депутаты, агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары болгон. Эл өкүлү Forbes версиясы боюнча Россиянын эң бай 100 депутаты менен чиновниктеринин рейтингинде 96-орунду ээлеп келген. 2018-жылы толтурган декларациясына ылайык, парламентарий 158,88 миллион рубль иштеп таап, Татарстандан шайланып келген депутаттардын эң байы болчу. Хайруллиндин менчигинде үч батир жана турак үй бар экени айтылат.