Дүйнө кезген балетмейстер 71 жашка толмок. Чолпонбек Базарбаевдин сүрөттөрү

Sputnik

Балетмейстер 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып, эмгек жолун 17 жашында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштаган. Кийин Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, театрда солист болгон.

Корккон, кубанган залкар актер. Орозбек Кутманалиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Кыргыз ССРинин эл артисти 20 жашында Надежда Базарбаева менен баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Ал өз өмүрүндө 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Базарбаевди союздук республикалардан сырткары Европа, Африка жана Араб өлкөлөрү да жакшы тааныган. Атагы алыска кеткен талант 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамын алган.

Чолпонбек Базарбаев жол кырсыгынан 2002-жылы 53 жаш курагында көз жумган.

Залкар талант жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

 

1 / 11
Жаш Чолпонбек 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен калган
2 / 11
Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаев, 1986-жыл
3 / 11
Залкар талант 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген
4 / 11
Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук бир катар фестивалдарга катышкан
5 / 11
Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция учурунда
6 / 11
Базарбаев колуктусу менен эки баланы тарбиялап өстүргөн
7 / 11
Балетмейстер кезинде опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган
8 / 11
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти үч жыл Маданият министрлигин жетектеген. Сүрөттө Германиядагы кыргыз маданият күндөрүнөн бир элес
9 / 11
Алматы шаарында "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилеп жаткан маал. Чолпонбек Базарбаев, мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов, жазуучу Чыңгыз Айтматов
10 / 11
Балетмейстер белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менен, 1996-жыл
11 / 11
СССРдин эл артисти жубайы Надежда менен Америкада