Жанында кызы бар экен... Белгилүү баскетболчу Коби Брайант авиакырсыктан көз жумду

Коби Брайант 20 жыл бою "Лейкерс" командасынын курамында ойногон. Спортчу тик учак менен оюнга бара жатып кырсыктаган. Жанында 13 жаштагы кызы да болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону Коби Брайант авиакырсыктан каза болду. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

​Спортчунун  41 жашта экени айтылды.

"Калифорнияда кырсыктаган тик учактын ичинде сегиз адам бара жатканы аныкталды. Алардын арасында спортчунун 13 жаштагы кызы Жианна да бар эле. Авиакырсык 27-январга караган түнү коюу тумандан улам болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Коби кызын алып, дагы бир өспүрүм кыз ата-энеси менен кошо оюнга бара жатышкан. Брайант Жианнаны баскетболчу катары даярдап, кызынын мектептеги командасын машыктырчу.

Коби Брайант — дүйнөлүк баскетболдун легендасына айланган адам. АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону жана эң барктуу оюнчусу аталган. 1996-жылы "Лейкерс" командасына кирип, ошону менен 20 жыл бою аталган команданын курамында ойногон. Мындай туруктуулук менен эки гана кесипкөй спортчу сыймыктана алат. Алар — "Детройт Ред Уингз" хоккей командасынын капитаны Стив Айзерман жана "Нью-Йорк Янкиз" командасынын белгилүү бейсболчусу Дерек Жетер.