Түркия: зилзаладан каза тапкан адамдардын саны өстү

Соңку маалыматтар боюнча, куткаруучулар уранды астынан 44 адамды аман алып чыгышты. Ал эми 1566 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Түркияда болгон жер титирөөдөн каза тапкан адамдардын саны 31ге жеткенин Anadolu агенттиги кабарлады.

Түркиядагы зилзала: келме келтирген, үйдөн, эфирден качып чыккан элдин видеосу
Эске салсак, 24-январь күнү кечинде Түркиянын чыгыш тарабындагы Малатья жана Элазык провинцияларында жер титиреп, кеминде 20 адам көз жумган. Дагы 1000ден ашууну жаракат алганы айтылган.

Соңку маалыматтар боюнча, куткаруучулар уранды астынан 44 адамды аман алып чыгышты. Ал эми 1566 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кырсыктын кесепетинен 76 имарат кыйрап, 643 курулуш зыянга учураган. Дагы 425 курулуш анча-мынча бузулган.