БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашты. Бул туурасында министрликтен билдиришти.
Жолугушуу элчи Дэвэндин демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында уюштурулган.
Элчи абал көзөмөлгө алынганын белгилеп, Кытайга виза берүү чектелбегенин билдирген.
"Кытай өкмөтү оорунун жайылып кетпеши үчүн болгон чараларды көрүп жатат. Вирус менен күрөшүүдө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта болууда", — деди Дэвэнь.
Ошондой эле жолугушууда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо туура эмес экени айтылды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комитетинин эксперттери да ушундай бүтүмгө келишкен.
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ушул тапта вирус Кытайдын 25 провинциясына жана Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд өлкөлөрүнө жетти. 23-январга карата Кытайда ооругандардын саны 600 адамга чукулдап, алардын 17си каза тапты.