Ишембиге карата аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 11-январь, ишемби күнү, кээ бир тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кадамжайда айыл тургундары ашар жолу менен тоодон суу алып түштү. Видео
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +2…+7, Таласта +1…+6, Ысык-Көлдө 0…+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3…+8 градус жылуу болсо, ал эми Нарын жергесинде -5…-10 градус суук болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, ордо калаада күндүн табы +4…+6 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +6…+8 градуска дейре жетери айтылды.