Иранда 176 жүргүнчүсү менен кыйраган учак. Украина бүгүн аза күтөт

Борттун ичиндеги 176 адамдан эч ким тирүү калган эмес. Каргашага учактын кыймылдаткычынын күйүп кетиши себеп болгону айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Тегерандагы авиакырсыктан улам 9-январды аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, 8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киевге багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 самолету бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген.

"Бүгүн өлкөдө туулардын баары түшүрүлүп, көңүл ачуучу оюн-зооктор токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктаган учактын ичинде Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Кечээ аталган учактын кырсыктап жерге кулаган учуру тартылып калган видео да жарыяланган.